Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу 01.10.2014 10:21

Айыл турмушу: Сузактык жеке ишкер 3 сотых жердеги бадыраңдын экинчи түшүмүн базарга сатууда (фото)

Turmush -  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Алмазбек Иманов 3 сотых жерге күнөскана куруп, бир жылда эки түшүм алууга жетишип жатат. Учурда бадыраңдары бышып, аны дүн баада 1 килосун 40 сомдон базарга сатууда.

Жеке ишкер А.Имановдун айтымында, өткөн жылы Германиялык Эл аралык кызматташтык агенттигинин жардамы менен 3 сотых жерге күнөскана курган. Теплица курууга 390 миң сом сарпталган болсо, анын 20%ын өзү, ал эми 80%ын Германиялык агенттик каржылаган. Жердин 30 см төмөн жагына атайын жылытуу системасы орнотулган.

Күнөсканада тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулат. Өткөн жылы 200 миң сомдон ашык таза кире алышкан.

«Өткөн жылы помидор эгип, 2 тоннага жакын түшүм алсам, быйыл деле ошондой эле көлөмдө түшүм алдым. Экинчи түшүмгө бадыраң эгип, бирок кеч болуп калып, суук түшүп калгандыктан түшүмүн ала албай калгамын. Быйыл болсо, бадыраңды эрте эгип, түшүмүн базарга сатып жатабыз. Күн жылуу болуп турса, түшүм болот», - дейт А.Иманов.

10

1

11 (1)

9 (1)

4 (3)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×