Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу 29.09.2014 18:32

Фото - Жалал-Абаддагы жылуулук менен камсыздоо мекемелеринде коррупциялык схемалар аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад оюлусундагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» ишканасына таандык ишканалар текшерилип, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарындагы жылуулук менен камсыздоо мекемелеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары ачыкка чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратуранын улук прокурору Кубанычбек Мамбеткулов билдирди.

Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогуловдун айтымында, «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» ишканасына Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарындагы жылуулук камсыздоо ишканалары кирет.

«Жыл сайын жылуулук менен камсыздоо ишканаларында кылмыш иши көп козголуп келет. Ошон үчүн ушул схемаларды жалпылап, демонтаждоо боюнча иш-чараларды түзүп, бүгүн ушул маселени карадык. Жогоруда белгиленген кылмыш иштерине карата каттуу чара көрөбүз», - деп билдирди К.Токтогулов.

Маалым болгондой, координациялык кеңеште билим берүү мекемелери боюнча маселелер каралып, максатсыз колдонулуп жаткан бала бакчалардын имаратын калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, былтыркы 2013-жылдан бери 8 бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылып берилди.

Ошондой эле, ЖААКтагы коррупциянын себептери жана алдын алуу ыкмалары талкууланды.

Аны менен катар, жылуулук мекемелеринин жетекчилери жоюлган кемчиликтер тууралуу маалымат беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×