Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу 29.09.2014 16:38

Жалал-Абадда облустук прокуратурасы «Кыргызтуракжайкоммунсоюздун» коррупциялык схемаларфн алып чыкты

Turmush -  «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоо ишканаларындагы коррупциялык схемаларды бүгүн, 29-сентябрда областтык прокуратура координациялык кеңешке алып чыкты, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Координациялык кеңешти область прокурору Кылычбек Токтогулов алып барууда.

Жыйынга УКМКнын областтагы башкармалыгынын башчысы Канжар Бокаев жана областтагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Кеңеште жарандык абалдын актыларын каттоо тарабындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн себептери жана аларды жоюу ыкмалары, билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр ортого салынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×