Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.09.2014 14:18

Жалал-Абадда жергиликтүү тургун ири уюлдук компаниялардын эсебинен ири суммадагы каражттарды чет элдик банкка которгон

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жергиликтүү тургун уюлдук компаниялардын эсебинен акча алып турган, алардын бири Sky Mobile (ТМ Beeline) болуп эсептелинет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын ИИБнын башчысы Мирлан Ниязалиев Turmush басылмасына 29-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абаддын ИИБне 15-сентябрда эки уюлдук байланыш фирмасынын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кайрылышкан, алар компаниянын эсебинен ири суммадагы акчанын жоголгондугун айтышкан.

Оперативдүү иштеринин жүрүшүндө уюлдук компаниянын бухгалтериясынын документтери текшерилген. Компаниянын кызматкерлери аталган окуяга катыштыгы жок экендиги аныкталган.

Ошондой эле, компаниянын абоненттеринин арасында текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүү учурунда Жалал-Абаддын 21 жаштагы жашоочусу бир сутканын ичинде телефондук аппаратта 20дан ашуун сим-карта колдонгондугу аныкталган. Тергөө иш-чараларынын жана текшерүүнүн жүрүшүндө сим-карталар менен махинация жүргүзүү үчүн атайын техника табылган, ноутбук жана башка жабдыктар. Мындан тышкары, Россия Федерациясынын жарандыгы менен кылмышкердин паспорту табылган», - деп билдирди ал.

Маалым болгондой, андан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө уурдалган акчалар түшкөн банктык эсеп алыскы чет өлкөдө катталгандыгы аныкталган. Компаниянын эсебинен акчаны уурдоо схемасын эми адистер аныкташат.

Кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн, ага карата Кылмыш-жаза коексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×