Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.09.2014 10:36

Базар-Коргон районунда жеке турак жайдан өрт чыгып, үйдүн чатыры, терезе, эшиктери күйдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында Жаңы-Турмуш көчөсүндө жайгашкан ээси И.Ражаповго тийиштүү турак жайдан өрт чыккан.

ӨКМ басма өз кызматынын 29-сентябрда берген маалыматына ылайык, өрттүн натыйжасында жыгач устундуу шифер менен жабылган 48 чарчы метр уйдүн чатыры, 24 чарчы метр жыгач полу, 2 эшик, 2 терезе күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×