Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.09.2014 10:31

Сузак районунда жеке турак жайдан өрт чыгып, үй эмеректери, буюмдар күйдү

Turmush -  Жалал-Абал облусунун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө Беш-Бала айылында Турсунбеков көчөсүндө жайгашкан ээси К.Ажиматовго тийиштүү жеке турак жайдан өрт чыккан.

ӨКМ басма өз кызматы 29-сентябрда берген маалыматына ылайык, өрттүн натыйжасында 117 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн чатыры, 4 чарчы метр жыгач полу, үй эмеректери, муздаткыч, 3 сыналгы, 20 даана төшөк күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×