Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу 30.01.2014 15:08

Жалал-Абад облусунда 1 айда 34 өрт кырсыгы катталып, 3 млн 747 миң сомдук зыян келди

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 1 айында Жалал-Абад облусунун аймагында 34 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 3 млн 747 миң 257 сомду түздү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде өрт кырсыктары 1 - мамлекеттик мекемеде, 2 - соода жайларында, 6 - автоунааларда жана 22 - турак жай секторунда катталды.

Өткөн 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 7ге көп болуп, ал эми өрттөн келтирилген материалдык чыгым 53%га азайган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×