Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.09.2014 15:17

Жалал-Абад облусунда 282,5 миң сомго жасалма акциз үлгүдөгү 3 миң бөтөлкө алкогол аныкталды

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын аймагында контрафакттык азык-түлүктөргө тыюу салуу жана лицензиясы жок ишмердүүлүктү аныктоо боюнча иш планынын алкагында салыктык көзөмөл рейдин жүргүзүштү. Бул тууралуу 26-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө «Компания Сатке» ЖЧКга тийиштүү каампа имаратында жасалма акциз үлгүсү менен «Винград» ЖЧК өндүрүш продукциясынын контрафакттык арак продукциясы табылган.
Жалпысынан 282 миң 540 сомго 3324 бөтөлкө алкогол алынган.

Салык кызматынын текшерүү материалдары чара көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×