Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 25.09.2014 14:48

Ноокен районунда «Антитеррор» иш-чарасынын алкагында Сирияга кетип жаткан көрүнүш боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Массы айылында «Антитеррор» ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында өткөрүлгөн «Улуттук ынтымак – Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи» жана «Элибиз да, жерибиз да, динибиз да бир» деген темадагы жыйында Сирияга кетип жаткан көрүнүш боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, түшүндүрүү иштери Дин иштери боюнча комиссиянын жана Онунчу башкы башкармалыктын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп, экстремизм, радикализм багытында кырдаалга баа берилди.

Ошондой эле, Онунчу башкы башкармалыгынын түштүк башкармалыгы тарабынан улуттар аралык мамилелерди чыңдоодо, экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алууда өз салымын кошкон жетекчилерге, активдүү жарандарга Ардак грамоталар тапшырылып, ыраазычылык билдирүү пикирлери айтылды.

Жыйын соңунда ар улуттун ырчылары патриоттук мазмундагы кыргызча ырларды ырдап, көрүүчүлөргө тартуулашты.

Тема боюнча: Ноокен районунда диний экстремизмдин алдын алуу багытында 400дөй адамдын катышуусунда талкуу болду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×