Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 25.09.2014 12:22

Тогуз-Торо районунун Жалгыз-Кайың жайлоосунан 18 кг ашуун баңги заты менен 3 адам кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Жалгыз-Кайың жайлоосунан 21-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Нарын районунун тургуну 1983-жылы туулган Б. Арзымканов менен 1989-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Р. Бегалиев талаада жапайы өскөн каракуурайдын баштарын мыйзамсыз жыйнап, кургатып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардан алынган баңги затынын өлчөмү 18 кило 500 граммды түздү.

Текшерүү учурунда 1993-жылы туулган Тогуз-Торо районунун тургуну У.Исмаил уулунун чөнтөгүнөн 70 грамм нашаа жана темирден жасалган калп табылды.

Учурда аталган кылмыш иштери боюнча КР Кылмыш кодексинин 246-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

11

22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×