Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.09.2014 09:00

Жалал-Абад облусунун тургуну баңги зат менен кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну 1988-жылы туулган Абдырасулов Сергей аттуу жаран 2014-жылдын 19-сентябрь күнү Талас РИИБнын кызматкерлери тарабынан шектүү адам катары кармалып, калыстардын катышуусунда өздүгүнө кароо жүргүзүү учурунда салмагы 65 гр (марихуана) баңги табылган. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түнү Көк-Токой айылынын жараны Алыбаев Сыргабекке таандык «Хантер» үлгүсүндөгү велосипедди, Эшалиев Мунарбекке таандык «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаадан 2 яшик арак жана 2 блок сыра уурдап кеткендиги аныкталган. Учурда шектүү адам камакка алынып, сурак берүүдө.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү изилдөөлөр дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×