Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.09.2014 08:53

Бишкек-Ош унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкент айылында кечээ, 23-сентябрда саат 16:28де Бишкек-Ош унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек унаа жолунун 300 чакырымындагы Артак тилкесинде «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны (мамлекеттик №I5602AA) «Хонда Одисей» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик№S6491X) артынан келип сүзүп алган.

Натыйжада, «Хонда Одисей» унаасынан 5 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.

Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барып, каза болгондорду унаадан чыгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×