Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.09.2014 08:59

Токтогул районундагы транспорт кырсыгынан бир адам каза болду, жабырлануучулар бар

Turmush -  Акыркы сутка ичинде ӨКМдин Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду: эшик ачуу боюнча 2 учур жана 2 жол кырсыгы, деп маалымдайт ӨКМ.

Токтогул районунда кечээ, 22-сентябрда саат 21:39да Бишкек-Ош унаа жолунун 226-чакырымында «Мерседес Спинтер» (мамлекеттик номуру NoЕ3481Т) үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Степ» (мамлекеттик номуру NoВ9141G) үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 5 адам жабыркап, 1 адам каза болду.

Токтогул шаардык №97 адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, каза болгон адамдын денеси райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×