Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу 19.09.2014 17:10

Кургак чөптөн чыккан өрт Базар-Коргон, Сузак, Ала-Бука, Токтогул райондорунда көп катталууда

Turmush -  Жалал-Абад областынын аймагында быйылкы жылы кургак чөптөрдү өрт алган учур 60%га өсүп кетти. Бул тууралуу областтык өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башчысы Бакыт Нышанов билдирди.

Анын айтымында, область аймагында жай мезгилинен бери кургак чөптөн 68 өрт кырсыгы катталып, натыйжада 1 млн 644 миң сомдук материалдык чыгым алып келинген.

«Кургак чөптөн чыккан өрт Базар-Коргон, Сузак, Ала-Бука, Токтогул райондорунда көп катталды. Мындай кырсыкка өрткө этияттык мамиленин жасалбагандыгы, жаш балдардын от менен ойноосу таасир берди. Ошондой эле, кургакчылдык да өзгөчө таасир берди», - дейт Б.Нышанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×