Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.09.2014 16:43

Сузак районунда акыркы 24 саат ичинде 2 өрт чыкты, - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Turmush -  Жалал-Абад облусунунСузак районунда акыркы 24 саат ичинде 2 өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы ачык аянтта 2 га куураган чөп күйдү.

Ошондой эле, аталган райондун Атабеков айыл аймагына караштуу Кашкар айылындагы жеке турак-үйдүн короосунда өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен шифер менен жабылган 30 чарчы метр жыгач бастырма жана 60 түк чөп өрттөндү.

Маалым болгондой, учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×