Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 19.09.2014 12:45

Ала-Бука районунда балдардын шоктугунан 100 пресс чөп, 150 пресс саман, 100 боо жүгөрү сабактары күйүп кетти

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Тургун айыл аймагындагы Умаров көчөсүнүн №10 (ээси Кошбаев К.) дарегиндеги сарайлардын 96 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры, 100 боо жүгөрү сабактары, 100 пресс чөп, 150 пресс саман күйүп кетти. Бул тууралу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, өрттүн чыгышынын себеби катары балдардын от менен ойногондугу айтылууда. От менен 2001-жылы туулган А.Кошбаева кызы ойногон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×