Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.09.2014 12:42

Аксыда 1822 жол эрежелерин бузган фактылар катталган, анын ичинен 45 айдоочу мас абалында болгон

Turmush -  Ак районунда жыл сайын техниканын саны өсүүдө, бирок райондо жалгыз гана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкери калган, транспорттордун тыгыны, жол кырсыктары көбөйүп кеткени, МАИ кызматкерлеринин кыскарып кетишине элдин нааразылыгы күчөөдө. Бул тууралуу Аксы районунда ички иштер кызматкерлеринин 8 айлык ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын өткөн 8 айынын ичинде Аксыда 1822 жол эрежелерин бузган фактылар катталган. Анын ичинен 45 айдоочу мас абалында унаа айдап бара жатып тартип бузуп, колго түшкөн. Жол эрежесин бузгандарга 234 700 сом айып салынса деле транспорттун кыймылы жолго салынбай жаткандыгы жыйында белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×