Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.09.2014 11:57

Аксы районунда 8 айда 24 мал уурулук катталган, анын экөөсү Өзбекстанга өткөрүп жаткан жеринен кармалган

Turmush -  Аксы районунда өткөн 2013-жылы 48 мал уурулук катталган болсо, анын бирөөсүнүн да бети ачылган эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Аксы РИИБ жетекчилигинин 8 айлык отчетунда маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 24 мал уурулук катталган болсо учурда төртөөсүнүн бети ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Анын ичинде бир ууру Өзбекстандын атуулу, малды айдап чек арадан өтүп бара жатып колго түшкөн, эки аял төрт малды Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы базарга алып бара жаткан жеринен кармалган, Кашка –Суу айылынын тургуну бир баш малды Өзбекстанга өткөрүп жаткан жеринен чек арада кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×