Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу 17.09.2014 16:01

Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнүн башчысы имамдардан диний экстремисттик көрүнүштөргө бөгөт коюуга колдоо көрсөтүүсүн суранды

Turmush -  Диний экстремисттик көрүнүштөргө бөгөт коюу аракеттерин имамдар да колго алып, колдоо көрсөтсө дейт элем, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнүн башчысы Мамыр Мергентаев областтык ички иштер башкармалыгында диний кырдаал боюнча өткөн жыйында.

Анын айтымында, акыркы учурда «Хизбут-Тахрир», «Салафия», «Ахмадия», «Акрамия» диний агымына азгырылып кирип кеткен жарандардын саны өсүүдө.

«Биз мындай диний экстремисттик көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Имамдар да колго алып, колдоо көрсөтсө дейт элем», - деди М.Мергентаев.

Тема боюнча: Жалал-Абадда 8 айда «хизбутчулардын» 56 мүчөсү аныкталган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×