Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 17.09.2014 15:52

Токтогулдун Токтобексай айылында чыккан өрттүн толук өчүрүлгөнү белгисиз болууда

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө айыл аймагынын Токтобексай айылында кечээ, 16-сентябрда өрт чыккан, бирок өрт толук өчүрүлүп бүткөнү тууралуу толук маалымат жок. Бул тууралуу областтык өрткө каршы кызматынын жетекчиси Бакытбек Нышанов билдирди.

Анын айтымында, аталган айылда байланыш жоктугуна байланыштуу маалымат алуу кыйын болууда. Бул айылдагы өрттү өчүрүү үчүн Кара-Көл шаарындагы 718-аскер бөлүктүн жоокерлери жана Кара-Көл шаары менен Токтогул районундагы өрткө каршы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

«Ал тарапка унаа чыга албагандыктан, колдору менен өчүрүп жатышат. Балким тилсиз жоону өчүрүп бүтүп, дагы учкуну тутанып кетпесин деп көзөмөлгө алып жатыштары да мүмкүн», - дейт Б.Нышанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×