Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.09.2014 12:35

Базар-Коргон районундагы «Датка Кемин» подстанциясынын тетиктери уурдалды, - Жалал-Абад ОИИБ

Turmush -  Базар-Коргон районундагы «Датка Кемин» подстанциясынын темир тетиктери уурдалган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымадады.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 1-сентябрь күнү Базар-Коргон РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө «ТВЕА» ААКсынан (КНР) арыз түшүп, анда 2014-жылдын июль-август айларында Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагында жайгашкан ишкананын лагериндеги кампадан белгисиз кылмышкерлер 2 тонна цементти, 1 даана автоунаанын аккумуляторун жана түрдүү темир тетиктерди (угольники, хамуты) уурдап кетишкенин, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 850 миң сомду түзөөрүн билдирип, аларга чара көрүүнү суранышкан.

Жогоруда аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүнүн негизинде кылмыш иши козголду.

Кылмыштын бетин ачуу баюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун Кызыл-Үнкүр айылынын тургуну 1988-жылы туулган Э.Осмонов жана Ош областынын Араван районунун Мангыт айылынын тургуну, 1968-жылы туулган М.Маматжанов кармалып, анын көрсөтмөсү боюнча далил буюм катары уурдалган 30 кап (мешок) цемент алынган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле, аталган ишкана 2014-жылдын июль айынан баштап Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Кыргоо айылынын аймагында «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартуучу № 47 опорасынын тетиктери болгон узундугу 1-3 метр 60-70 даана темир угольниктерди, ошондой эле № 51 опоранын жанында жыйылып турган ошол эле узундуктагы 150 даана жана узундугу 7 метр болгон 8 даана темир угольниктерди белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4500 америка долларын түзөөрүн билдирип, аларга чара көрүүнү суранышкан.

Учурда аталган кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун Талды-Булак айылынын тургуну 1983-жылы туулган С.Жунусалиев кармалып, тергөө амалдары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×