Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.09.2014 10:17

Базар-Коргондогу Жаңы-Ленин айылында эки өрт кырсыгы катталып, 3 тоннадан ашуун чөп өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Сейди-Кум айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Ленин айылында кечээ, 10-сентябрда Жээналиев көчөсүндө жайгашкан 2 турак-үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, С.Имановго таандык №48 турак-үйдө жыгач устундуу шифер жабылган 48 чарчы метр сарайдын чатыры жана 140 таңгак чөп өрттөндү..

Жээналиев көчөсү №46 дарегинин ээси К.Кадыровдун короосунда өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 78 чарчы метр сарайдын чатыры жана 3 тонна чөп өрттөндү.

Маалым болгондой, отко этиятсыз мамиле кылуу өрттүн чыгышына алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×