Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.09.2014 10:00

Кербен шаарында балдардын шоктугунан 2,5 тонна чөп өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Стамкулов көчөсүндө Ф.Мамаевага таандык ачык аянтта өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен 2,5 тонна чөп жана 0,5 куб отун өрттөндү.

Маалым болгондой, үй ээсинин уулу Нурислам Мамаевдин от менен ойноосу өрттүн келип чыгышына себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×