Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 10.09.2014 18:35

Токтогул районунда мас абалында кытай компаниясынын жумушчуларына кол салган малчы кармалды

Turmush -  ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБнын жана Токтогул РИИБнын кызматкерлери кытай компаниясынын жумушчуларына кол салуу фактысын аныктады.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 28-августта милиция бөлүмүнө саат 23.00 чамасында Токтогул районундагы Шылдырак жайлоосунда жогорку кубаттуулуктагы электр сымдарын орнотуу менен алек болгон кытай компаниясынын жумушчуларына кол салуу болгондугу тууралуу арыз келип түшкөн.

Маалым болгондой, кылмышкерлер курал менен коркутуп, чоң суммадагы акча каражатын алып кетишкен.

Аталган факт боюнча Токтогул РИИБнын Иликтөө бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 168-беренесине (кол салуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү адам кармалып, анын мас абалындагы малчы экендиги аныкталды.

Маалыматка ылайык, ал күнү Базар-Коргон районунун 28 жаштагы тургуну Ж.У., жоголуп кеткен малын издеп жүргөн. Ичимдик ичкен соң түн ичинде жогоруда белгиленген адамдарга кол салган.

Жабырлануучулардын айтымында, аларга 20 миң сомдун тегерегинде чыгым келтирилген.

Учурда кармалган адам Убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, милиция кызматкерлери тарабынан анын каттоодон өткөрүлбөгөн 16 калибрлүү сайсыз мылтыгы алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×