Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 10.09.2014 17:00

Чаткалда «Фонта» алтын кен ишканасын тоноо кылмышынын бетин ачуу боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкы башкарамалыгынын, Жалал-Абад ОИИБнын жана Чаткал РИИБнын кызматкерлеринен турган ыкчам топ тарабынан «Фонта» алтын кен ишканасын тоноо кылмышынын бетин ачуу боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда келтирилген чыгымдын жана уурдалган алтындын өлчөмү такталууда.

«Жакын арада аталган кылмыштын бети ачылышы мүмкүн», - деп айтылды маалыматта.

Тема боюнча: Чаткал районундагы «Фонта» алтын казуучу ишканасына беткапчандар кирип, алтын уурдап кетишкен. Учурда алар качып жүрүшөт

Чаткалдагы «Фонта» фирмасында алтын урдоо үчүн келген беткапчандардын огунан жарадар болгон К.Сулаймановдун абалы оор

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×