Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 10.09.2014 10:31

Сузакта 6 жашар баланын шоктугунан 2 короонун чөбү өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүндөгү Ынтымак айылында 2 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биримдик көчөсү №21 дарегинин ээси Ж.Калдыбековдун короосунан чыккан өрттө жыгач устундуу шифер жабылган 80 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры жана 1400 түк чөп өрттөндү.

Ошондой эле, Биримдик көчөсүндө жайгашкан А. Кубатовго таандык №23 турак-үйдүн короосунда жыгач устундуу шифер жабылган 64 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры жана 80 түк чөп өрттөндү.

Маалым болгондой, аталган өрт кырсыктарына Калдыбековдун 2008-жылы туулган уулу Азат Аскарбаевдин от менен ойноосу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×