Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.01.2014 18:52

Мал издегени чыгышып дайынсыз кеткен жалал-абаддык тургундардын экөөсүнүн сөөгү табылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык аймагында ушул жылдын 27-январы күнү ат менен мал издегени чыгышып, дайынсыз кеткен Жайык айылынын тургундарынын экөөсүнүн сөөгү бүгүн, 29-январь күнү табылды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, саат 13:30да 1975-жылы туулган Айталиев Таалай Тургунбековичтин сөөгү, саат 14:30да 1993-жылы туулган Апсалбек уулу Мунарбектин сөөгү табылды.

Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 04:30да дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарында жайгашкан II издөө-куткаруу отрядынан 21 куткаруучу жөнөп кетишкен. Ошондой эле, жергиликтүү элден 100дөй адам тартылды.

Тема боюнча: Жалал-Абаддын жайлоосунан 5 тургун дайынсыз жоголууда

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×