Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу 29.01.2014 15:02

Жалал-Абадда коррупциялык багытта 116 адамга кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад облусунда коррупция боюнча 168 кылмыш ишинин тергөөсү бүткөрүлүп, 146 иш кароого жеткирилди. Бул тууралуу облустук прокурор Кылычбек Токтогулов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Ички иштер органдарынын тергөсүнө көзөмөл жүргүзүүдө кылмыш иштерин негизсиз кыскартуу боюнча 55 токтом бузулган. Ошондой эле негизсиз токтотуу боюнча 422 токтом жокко чыгарылган. Прокуратура 920 жазуу жүзүндө көрсөтмөлөрдү берди. 1662 сотто каралган кылмыш иштерге мамлекеттик айыптоочу катары катышкан.

«Мамлекеттин кызыкчылыгындагы 92 доо арыздарды сотко бердик. 2472 арыз даттанууларды чечтик. 1306 адамды жеке прокурорлор кабыл алды. Кадыржан Батыровго тиешелүү делген 28 объектинин мүлкүн мамлекетке конфискациялоого жетиштик. Бул мүлктөрдүн баасы 262 млн 898 миң 874 сомду түзөт», - деди прокурор.

Ошондой эле, «Санпа» окуясында күнөөлүү деп табылган Шамшидин Ниязалиевди мыйзамсыз бошотуп жиберген сотторго кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күнү тергелүүдө, деп кошумчалады К.Токтогулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×