Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 30.07.2014 16:36

Ноокендеги «Достук» каналына агып кеткен 14 жаштагы кыздын денеси табылды

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Достук айыл аймагына караштуу Таш-Дөбө участкасынан өткөн «Достук» каналына агып кетип, изделип жаткан 14 жаштагы Замирбек кызы Гүлкайырдын жансыз денеси табылды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Мурдараак маалымдалгандай, окуя кечээ, 29-июлда саат 16:17 чамасында болгон. Замирбек кызы Гүлкайыр 2000-жылы туулган, Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну болгон.

Таш-Көмүр шаардык II издөө-куткаруу кызматынын 6 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп, бүгүн, 30-июлда түш ченде табылган дене ИИМдин кызматкерлери менен бирдикте туугандарына өткөрүлүп берилди.

Тема боюнча:

Ноокендеги «Достук» каналына агып кеткен 14 жаштагы кыздын денесин издөө иштери улантылууда

Ноокен районунда каналга 14 жаштагы кыз чөгүп кетти

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×