Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 30.07.2014 13:03

Ноокендеги «Достук» каналына агып кеткен 14 жаштагы кыздын денесин издөө иштери улантылууда

Turmush -  Кечээ, 29-июлда кечке маал Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Достук айыл аймагынан 14 жаштагы Замирбек кызы Гүлкайыр «Достук» каналына агып кетти.

Аксы районунун Жергетал айылынын тургуну Замирбек кызы Гүлкайырды издөө иштери бүгүн, 30-июлда да улантылып жатат, деп билдирди ӨКМ.

Издөө иштерин ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары менен №55 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×