Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 28.07.2014 14:17

Таш-Көмүрдө «Хонда Фит» унаасы кырсыкка кабылып, айдоочунун жубайы менен келини каза болду

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын аймагынан Ош-Бишкек унаа жолунун 445-чакырымында бара жаткан «Хонда Фит» (мамномер О53-02АХ) үлгүсүндөгү унаа Таш-Көмүр ГЭСинин түндүк тарабына кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаада айдоочу менен бирге Ош облусунун Савай айылынын 4 тургуну болгон.

Унаанын айдоочусу 1953-жылы туулган М.Талипов жана 1981-жылы туулган Г.Талипова оор абалда тез жардам кызматы менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди.

Ал эми, жүргүнчүлөр 1956-жылы туулган Бусурахан Талипова (айдоочунун жубайы) менен 1989-жылы туулган Мукарам Шералиева (айдоочунун келини) кырсыктын кесепетинен каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×