Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.07.2014 09:28

Жалал-Абадда курбусун бычак сайып өлтүргөн аял кармалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү аялды кармашты. Бул тууралуу кечээ, 22-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июль күнү милиция кайрылуу түшүп, окуя болгон Жеңи-Жок көчөсүнө Жалал-Абад ШИИБнин ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлгөн.

Натыйжада эки алдын уруша кетип, бирөө экинчисин бычак менен сайып салгандыгы аныкталды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү 38 жаштагы Б.Татьяна жана каза болгон 32 жаштагы Ф.Анастасия экөө бирге спирт ичимдиктерин ичишкен. «Ошол эле күнү кечинде экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, Татьяна колтук тушка ашкана бычагы менен сайып салып, Анастасия ошол жерде көз жумган», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, алар бала чагынан бери дос болуп келишип, өспүрүм кездеринде үйлөрүнөн качышкан. Учурда экөөнүн тең белгилүү жашаган жеринин жок экендиги аныкталды.

Учурда КРнын Кылмыш кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×