Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.10.2014 16:32

Айыл турмушу: 2 метрге чейин кар жааган Чакмак-Суу айылынын эли негизинен кышкыга тоют даярдоо менен алектенет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чакмак-Суу айылы республикадагы шарты катаал айылдардын бири. Кышында 2 метрге чейин кар жаап, 6 айга чейин сырт тарап менен болгон байланыш уюлдук телефондордун жардамы менен гана мүмкүн болот.

70 түтүндөй калктын 100гө чамалаш эмгекке жарамдуулары Кытайдын фирмасы иштетип жаткан Куру-Тегерек кенинде алтын чайкоо ишине тартылган. Калгандары кышкыга тоют даярдоо менен алек. Элдин колунда 60тай жылкы, 150дөй уй, 2 миңдей кой бар. КТРК, ОРТ, РТР телеканалдарынын берүүлөрүн көрүшөт.

Жайы-кышы тоо булагынан агып түшкөн суудан ичишет. Чакмак-Суу толук эмес орто мектебин бүткөн окуучулар билимин айылдан башка жерлерде улантышат. Окугусу келбегендер айыл турмушуна сүңгүшөт, дешет жергиликтүүлөр.

Фото2880

Фото2881

Фото2879

Фото2889

Фото2899

Фото2887

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×