Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу 17.07.2014 15:31

Жалал-Абадда жыл башынан бери кургак чөптөрдү өрт алган 35 учур катталды

Turmush -  Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун район, шаарларынын аймагында кургак чөптөрдү өрт алган 35 учур катталды. Мындай маалыматты Жалал-Абад областтык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымына кургак чөптөрдө чыккан өрт кырсыгынан жалпы 219 миң 356 сомдук материалдык зыян келтирилген.

«Жайкы өрт кооптуу мезгилдин күчөшү менен ачык аймактардагы, жол четиндеги, жайыттардагы кургак чөптөрдү этиятсыздыктан улам катталуучу өрт кырсыктарынын саны күн санап өсүүдө», - дейт К.Бекмурзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×