Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.07.2014 18:19

Жалал-Абадда жыл башынан бери экстремисттик диний багыттарга үндөгөн 1600дөн ашуун буюм далилдер табылды

Turmush -  Жалал-Абад областынын аймагында 6 ай аралыгында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисстик уюмдардын идеяларын таркатуучу 1681 далил буюмдар алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын орун басары Мелис Шералиев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, диний кырдаал боюнча 118 факт аныкталып, анын ичинен 51и диний экстремизимге байланышкан. Мунун ичинен 27 кылмыш иши козголуп, 11 факт боюнча кылмыш иши козголуудан баш тартылган.

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун идеяларын таркатуучу 1681 буюмдар далил буюмдар катары алынган. Мында компьютер, планшет, флешка жана ар түрдүү видеокассеталар алынган. Албетте, мындай буюмдар бир канча профилактикалык иш-чаралардын негизинде кармалды», - дейт Мелис Шералиев.

Ал белгилегендей, учурда область аймагында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисстик уюмдун көз карашын колдогон 521 жаран каттоодо турат. Ал эми «Вахабизм» агымынын идеясын колдогон 3 атуул каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×