Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 11.07.2014 14:14

Жалал-Абадда 6 айда 186 өрт кырсыгы катталып, 11 млн сомдон ашуун материалдык зыян келди

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Жалал-Абад облус аймагында 186 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 11 млн 568 миң 920 сомду түзгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облусттук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Чынарбек Шекенов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери катталган өрттүн кесепетинен 3 атуул каза таап, 2 атуул жарат алып, 57 тонна тоют жабыркаган.

«Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 5 атуул, 5 ири мүйүздүү мал, 5 автоунаа жана 74 млн 184 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калды», - дейт Ч.Шекенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×