Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу 09.07.2014 10:24

Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт методикалык борборунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад облустук прокуратурасы Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт методикалык борборунун кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери расмий эсеп-кысап документтерин жасалмалоо, спортчулардын Бишкек шаарына жана кайра артка жеткирүү боюнча жалган келишимдерди түзүү жолу менен өздөрүнө 216 миң сом суммасындагы акча каражатын ыйгарып алышкан.

Учурда аталган адамдарга Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызматынан кыянат пайдалануу), 171-беренеси (Берилген каражатты өз кызыкчылыгына же максатсыз колдонуу) жана 315-беренеси (Кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×