Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.07.2014 16:05

Жалал-Абадда «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси пара алып жатканда кармалды

Turmush -  КР УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматы Жалал-Абад облусунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси П.Ж.Т. тарабынан акча талап кылуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда, П.Ж.Т аттуу жаран алдоо жана укук коргоо органдарына жалган маалыматтарды берем деп коркутуп, Аксы районундагы дарылоо мекемесинин жетекчиси К.А.С.тан 10 миң сом суммасында акча талап кылганы белгилүү болду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 10 миң сом алып жаткан жеринен П.Ж.Т. УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды.

Бул факты боюнча УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн материалдарынын негизинде, Аксы РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык) жана 170 (акча талап кылуу) беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Маалымкат: Мурдараак «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси П.Ж.Т.га бир нече жолу кылмыш иштери козголгон.

1996-жылдын 17-январында Жалал-Абад облустук соту 88-1 жана 202-беренелер боюнча П.Ж.Т.ны 6 жылга эркинен ажыратып, 40-беренени колдонуу менен 5 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

2013-жылдын 25-январында КР УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы 166 жана 343-беренелер менен кылмыш ишин козгоп, иш мунапыс боюнча токтотулган.

«П.Ж.Т. жана анын «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» КР мыйзамына, КР президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №153 жарлыгына шилтеме берүү менен, өздөрүнүн уюмун антикоррупциялык деп атап, Жалал-Абад элин адаштырып келишкен», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×