Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 04.07.2014 09:28

Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына киринип жатып, чөгүп кеткен жаранды издөө улантылат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясындагы көпүрөнүн жанында киринип жатып, чөгүп кеткен жарандын сөөгүн издөө иши бүгүн, 4-июлда да улантылат, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Эске салсак, 30-июнь күнү саат 13:00дөр чамасында Таш-Көмүр шаарынын тургуну 2004-жылы туулган Бекназаров Назарбек Мамыржанович Бишкек - Ош унаа жолунун 455-чакырымында Нарын дарыясындагы көпүрөнүн жанында киринип жатып, чөгүп кеткен. Ошондон бери издөө иштери жүрүүдө.

Кечээ, 3-июль күнү издөө иштерине ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 4 суучул, ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана туугандарынан 12 адам издөө иштерин улантышты.

Издөө бүгүн да жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×