Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 03.07.2014 13:26

Нарын дарыясына чөгүп кеткен адам табылбай жатат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 30-июнь күнү саат 13:00дөр чамасында Таш-Көмүр шаарынын тургуну 2004-жылы туулган Бекназаров Назарбек Мамыржанович Бишкек - Ош унаа жолунун 455-чакырымында Нарын дарыясындагы көпүрөнүн жанында киринип жатып, чөгүп кеткен. Ошондон бери издөө иштери жүрүүдө.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, кечээ, 2-июль күнү издөө иштерине ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 4 суучул, ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана туугандарынан 12 адам издөө иштерин улантышты.

Издөө иштери бүгүн, 3-июлда дагы улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×