Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 02.07.2014 18:20

Ноокендин Арал айыл айылында 103 гектар жердин мыйзамсыз ижарага берилиши боюнча кылмыш иши козголгон

Turmush -  Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мойдун Орозбеков жана жер адиси Т.Оморовдун аталган айыл аймака караштуу Кең-Сай участкасындагы 103 гектар кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүүдө мыйзам бузууга баргандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Арал айылдык кеңешинин 5 депутаты Жалал-Абадда маалымат жыйында билдиришти.

Айылдык кеңештин депутаты Н.Омурзаков бул мыйзам бузуулар боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасына кайрылган. Ноокен райондук прокуратурасы иликтеп чыгып, Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары «Жер жөнүндөгү» мыйзамдарынын талаптарын бузушканын аныкташкан.

«Ошондой эле, «КР Жер жөнүндөгү» Кодексинин 4-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык жайыттар жеке менчикке берилиши мүмкүн эмес экендигин билип туруп, Арал айыл аймагына караштуу Кең-Сай участкасында жайгашкан №6 контурдагы жайыт категориясындагы жер аянтынан Т.Мамытов жана Н.Мамытовго келишимдин негизинде жер аянтын мыйзамсыз беришкендиги аныкташкан», - деди ал.

«Аталган факт боюнча Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан 2014-жылдын 20-майында кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деген жооп катты Н.Омурзаковго Ноокен районунун прокурору Т.Кожошев жиберген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×