Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.06.2014 09:03

Фото - Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 3 адам каза болду

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунда кечээ, 29-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 225-чакырымында бара жаткан «Мерседес» (мамлекеттик номур № В 95-64 АS) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан улам келип чыккан жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болду.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин автоунаанын ичинен чыгарып беришти.

Каза болгондордун жансыз денелери жолоочу автоунаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жерине жеткирилди.

Эскертүү: Сүрөттө каза болгон адамдын жүзү көрсөтүлгөн

1

2

3

4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×