Жалал-Абадда абактагыларды кыйноолор көп болот, бирок алар ачыкка чыкпайт, - «Адилеттүүлүк» коомдук фонду
Анын берген маалыматы боюнча, прокуратура жана ИИМ менен бейөкмөт уюмадары биргелешип иштешүү боюнча меморандумга кол коюлган. Буга байланыштуу бей өкмөт уюмдар кармалуучулар менен маектешип, аларды кыйноо учурлары жөнүндө маалымат алуу үчүн иштешет.
«Кылмышкерлерди кыйноолор жылдан жылга көбөйүп бараткандыгы үчүн алардын укуган коргоочу уюмдар да көбөйүүдө. Ага байланыштуу түштүк аймак боюнча улуттук борбор ачылды. Келечекте кыйнолор азаят деген ишеничтемин», деди — Б.Жапарова.
Ал белгилегендей, бей өкмөт уюмдар кыйноо болгондо атайын дарыгер адиси менен биргеликте жабырлануучуну денесине уруп, собоолорду текшерет.
Маалымат жыйындын катышуучулары кошумчалагандай, өткөн жылы Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда кыйноо боюнча мектеп окуучуларын сабаган укук коргоо кызматкери аныкталып, 10 жылдан ашык убакытка камакка алынаган.