Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.06.2014 09:28

Арстанбап айыл аймагындаселдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМ 1000 литр күйүүчү май бөлүп берди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагыАрстанбап айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМ тарабынан 1000 литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 23-июнь күнү саат 09:00дөр чамасында Жарадар айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 1 турак үйдүн жер төлөөсүн сел суулары баскан жана 1 турак үйдүн тамаркалары сел калдыктарына толгон.

Сел калдыктарын тазалоого жергиликтүү эл тарабынан 8 адам тартылып, тазалоо иштери аяктады.

Мындан сырткары, сел суулары ички чарбалык жолдун жээгинин 700 метр аралыгын жууп кеткен. Жолду калыбына келтирүү иштерине айыл аймак тарабынан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып, 200 метр ички чарбалык жол калыбына келтирилди, жумуш улантылууда.

Жол каттамы ачык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×