Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.06.2014 10:52

Базар-Коргон районундагы Арсланбап айыл аймагында сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагыАрсланбап айыл аймагында 23-июнь күнү саат 09:00дөр чамасында Жарадар айылында сел жүргөн. Учурда сел калдыктарын тазалоого жергиликтүү эл тарабынан 8 адам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, селдин кесепетинен 1 турак үйдүн жер төлөөсүн сел суулары баскан жана 2 турак үйдүн тамаркалары сел калдыктарына толгон.

Мындан сырткары, сел суулары ички чарбалык жолдун жээгинин 700 метр жерин жууп кеткен. Жолду калыбына келтирүү иштерине айыл аймак тарабынан 1 экскаватор тартылып, жумуш жүргүзүлүүдө. Жол каттамы ачык.

Арс 1

Арс 2

Арс 3

Арс 4

Арс 5

Арс 6

Арс 7

Арс 8

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×