Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү
Turmush - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 20-июнь күнү саат 20:30дар чамасында сел жүрүп, Токтогул көчөсүн сел калдыктары (кум, ылай) баскандыктан автоунаа кыймылына кыйынчылык жаралган.
Пикирлер
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жол каттамы ачык.
Мындан сырткары, Токтогул көчөсүндөгү №5 жана №6 көп кабаттуу (төрт кабаттуу, 48 батирлүү) турак үйлөрдүн короолорун сел суулары баскан. Тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком