Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.06.2014 10:28

Аксынын Жыл-Кол айылындагы селден 4 турак үйдүн ичине жана 13 турак үйдүн короо сарайларына суу кирди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагыҮч-Коргон айыл аймагынын Жыл-Кол айылында 17-июнь күнү саат 17:40дар чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен Жыл-Кол сел өткөрүүчү каналдын суусу жээгинен ашып, 4 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 13 турак үйдүн короо сарайларын сел суулары каптады.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, 10 турак үйдүн короо сарайлары сел калдыктарынан тазаланды. Мындан сырткары сел суулары кирген 4 турак үй дагы тазаланып бүттү.

Мындан тышкары, Т.Токтоматов атындагы №50 орто мектептин короосун жана 1 ФАПтын ичине сел суулары кирген. Эмгек жамаатынан 8 адам тартылып, тазалоо иштери толук аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×