Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу 29.01.2014 10:20

Жалал-Абадда айрым унаажолдоруна кар көчкү түшүп, жолдор убактылуу жабык

Turmush -  Кечээ, 28-январда саат 23:00дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент-Толук унаажолунун 68-чакырымына 10800м³ кар көчкүсү түштү, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Унаажолду тазалоо үчүн ЖЭМ-23 тарабынан 4 бульдозер тартылып, бүгүн, 29-январда саат 08:00дө унаажолу бир каттамга ачылды. Учурда кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, Чаткал районунда тынымсыз жааган кардын кесепетинен кар көчкүнүн жүрүп кетүү коркунучу пайда болгондуктан, 27-январдан тартып райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин № 01-30/1-11 буйругунун негизинде Краснаягорька-Ак-Таш жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаажолдору убактылуу жабылды.

Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда тынымсыз жааган кардын кесепетинен (кардын калыңдыгы 80 см жеткен) кечээ, 28-январдан тартып Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаажолу убактылуу жабылган. Унаажолду тазалоо үчүн ЖЭМ-26дан 2 бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, ошол эле күнү саат 17:45де жол каттамы толук ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×