Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.01.2014 10:17

Токтогул районунда кар көчкүлөрүн 8 жолу артиллериялык аттыруу жүргүзүлдү

Turmush -  Токтогул районунда кечээ, 28-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында саат 11:15тен 11:40га чейин 8 жолу артиллериялык аттыруу жүргүзүлүп, жалпы 15 миң м3 кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, саат 12:55тен 13:20га чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 226-чакырымында 6 жолу артиллериялык аттыруу жүргүзүлүп, жалпы 6 миң м3 кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен жок.

Кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иштери аяктагандыгына байланыштуу Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби жана ӨКМдин ыкчам тобу өздөрүнүн жумуш ордуларына кайтып келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×