Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.06.2014 10:26

Ала-Бука чек ара кошуунунда кызмат өтөп жаткан аскер өз өмүрүнө кол салды

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун чек ара кошуунундагы аскер кызматкери ок атуучу куралдан ок чыгаруу менен өз өмүрүнө кол салды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя бүгүн, 17-июнда болуп, чек арачы ооруканага бара жаткан орто жолдо каза болду.

Маалыматта айтылгандай, каза болгон аскер кызматкери аскер кызматын өтөө үчүн 2013-жылдын күз айында чакырылган.

Аталган окуя Башкы прокуратурага маалымдалды жана себебин иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×